Мектеп миссиясы:
Садык Сыдыков атындагы жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге , башталгыч, негизги жана жалпы билимди тереңдетип берүүгө багытталып, ата-энелер, коомчулук менен бирге тыгыз байланышта иштөө менен, азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү руханий дүйнөсү бай, элдик маданиятты сүйгөн, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо. Алган билимин турмушта, жашоодо туура пайдалана билген бүтүрүүчүнү тарбиялоо.